Кыргыз тили, вопрос задал karmyshovaaisulu , 11 месяцев назад

Сейтек эпосундагы чыккынчылык менен максатка жеттуу?помогите

Ответы на вопрос

Ответил bburulgul
0

Ответ:

Сейтек — "Манас" эпосунун үчүнчү бөлүмү "Сейтек" эпосунун баш каарманы, Манастын небереси

Объяснение:

Айтуучулар Сейтекти салттык куракка (12 жаш) жеткиргенден баштап эле чыныгы баатыр катары сүрөттөшөт. "Канатың болуп учканды билгенден кийин Кыяска олжо болбой эле Каныкей менен Бакайды алып, атаң Акундун шаарына кирип кетпепсиң" деп Айчүрөктү сөзгө жыгат. Таластын кабарын угары менен Ата-Журтка сүйүү сезими козголуп: "Кетем Талас жериме, Баргым келет батыраак, Калың кыргыз элиме" — деп жөнөйт. Сейтек элине алгач келгенде адам түгүл, жан-жаратылыш солкулдап, кубанычтын жашын төгөт, атасынан калган Тайбуурул да утурлап тосуп чыгат. Сейтектин ата-бабанын ишин улай турган чыныгы баатырдык иш-аракети аны бардык жагынан атасы Семетейге окшоштурат. Семетей сыяктуу эле перизат тегиндеги Бермет кызга баш кошот.

Новые вопросы